Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Кыргызстанда кумшекерди экспорттоого тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Министрлер кабинетинин чечими менен кумшекерди жана чийки камыш кантты өлкөдөн алып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

“Токтом өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана кант рыногунда бааны кармап туруу максатында иштелип чыккан”, - деп айтылат билдирүүдө.

27-майда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай жатканы маалым болгон. Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Министрлер кабинети ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн, анын ичинде кантты алып чыгууга тыюу салган. Апрель айынан тарта өлкөгө ташылып келген кумшекер жана тазартылган өсүмдүк майы үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк салык ставкасы (КНС) күчүнө кирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG