Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

Канада тапанча сатууга жана сатып алууга тыюу салууну көздөйт


Ювалд шаарындагы башталгыч мектеп трагедиядан кийин. АКШ, 25-май 2022-жыл
Ювалд шаарындагы башталгыч мектеп трагедиядан кийин. АКШ, 25-май 2022-жыл

Дүйшөмбүдө Канада өкмөтү курал-жаракты көзөмөлдөө максатында тапанча сатуу жана сатып алууга тыюу салган мыйзам долбоорун сунуш кылды. Премьер-министр Жастин Трюдо АКШнын Техас штатындагы мектепте 20 чакты баланын мерт кеткени куралды көзөмөлдөө маанилүү экенин далилдегенин билдирди.

Ювалд шаарындагы башталгыч мектептердин биринде 24-майда болгон куралдуу кол салууда 19 окуучу менен эки мугалим каза тапкан. Бери дегенде 15 киши жараат алган. Полиция ок чыгарууга шек саналган 18 жаштагы Сальвадор Рамос аттуу жергиликтүү тургунду атып өлтүргөн.

Трюдонун айтымында, курал аткезчилиги үчүн жазаны күчөтүү каралууда. Тапанчадан атуу өңдүү спорт түрлөрү менен профессионалдуу машыккандарга, коопсуздук кызматтарында иштегендерге жеңилдиктер берилмекчи.

Мыйзам долбоорунда оюнчук тапанчаларга да тыюу салуу, үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга куралга лицензия бербөө сунуш кылынууда.

Мындан эки жыл мурун куралдуу кол салуудан кийин Канадада курал-жарактын бир миңден көп моделине тыюу салынган. Маалыматтарга караганда, айрым жарандар бул чечимди сотто талашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG