Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Бишкекте эл аралык "Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте балдардын эл аралык "Наристе" фольклордук фестивалы өтүп жатат. 8-июнга чейин боло турган иш-чарага Орусия, Алтай, Тува республикаларынын, Казакстан, Монголиядан келген өкүлдөр, Кыргызстандын жети облусунан балдар фольклордук топтору катышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу. Анын алкагында түрдүү мастер-класстар, ачык асман астындагы ачык сабактар уюштурулат. Ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, конференция, көргөзмөлөр өтөт.

Фестивалдын расмий ачылышы, бүгүн 31-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда болот.

"Наристе" эл аралык фестивалы быйыл экинчи жолу уюштурулуп жатат. Алгач 2018-жылы өткөн. Ага алты өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG