Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:10

31-майдын аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

31-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаайт, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, бийик тоолдордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20…25;

Талас жергесинде түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 14...19;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 21…23 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG