Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Президент Зеленский Харьковдо согуш тилкесиндеги позицияларга барды


Владимир Зеленский Харьков шаарында. 2022-жыл, 29-май.
Владимир Зеленский Харьков шаарында. 2022-жыл, 29-май.

Украин президенти Владимир Зеленский жекшембиде Харьковдо шаарды коргоп жаткан жоокерлер менен жолукту. Мамлекет башчынын кеңсеси билдиргендей, Зеленский шаардын четинде, армиянын согуш тилкесиндеги позицияларында болуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскердик командачылык менен жыйын курду.

Орусия басып кирген 24-февралдан бери украин лидери башкалаа Киевдин айланасына гана чыгып, алыска бара элек болчу.

Ар бириңерге кызматыңар үчүн чоң рахмат. Өмүрүңөрдү баардыгыбыз үчүн, өлкөбүз үчүн тобокелге салып жатасыңар. Мамлекетибиздин эгемендигин коргогонуңар үчүн рахмат. Өзүңөргө сак болгула",- деп жоокерлерге кайрылды Зеленский.

Ушул эле күнү Чукул кырдаалдар министрлиги Харьковдун айланасы бомбаланганда бир нече жерде өрт чыкканын билдирген. Орусия күчтөрү бир нече апта мурун ал жактан сүрүлүп чыккан.

Облус губернатору Олег Синегубов аскерлер Орусия армиясынын акыркы чабуулуна ийгиликтүү туруштук бергенин, оң жылыштар болгонун айтты.

Анын айтымында, облуста 2 миң 299 көп кабаттуу имарат жабыркады, анын ичинен 225и толугу менен урап калды, турак жайлардын 30 пайызы керектен чыкты. Бул сандарды көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн боло элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG