Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:21

Аламүдүндө "Арашан" койлорунун эл аралык көргөзмөсү өтүүдө


"Арашан" көргөзмөсү. 29-май 2022 Аламүдүн
"Арашан" көргөзмөсү. 29-май 2022 Аламүдүн

Бүгүн, 29-майда Чүй облусунун Аламүдүн районунуна караштуу Көк-Жар айылында "Арашан" коюнун эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Казакстан, Өзбекстандын фермерлери, Арашан жана жеке фермерлеринин ассоциациясы жана тажрыйбалуу малчылар катышкан.

"Көргөзмөнүн максаты кой чарбасын жайылтуу, тажрыйба алмашуу, сандан сапатка өтүү. Көргөзмөнүн алкагында асыл тукум "Арашан" койлорунун салмагы боюнча сынак өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз өкмөтү асыл тукум чарбаларын көбөйтүүгө белсенүүдө. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө асыл тукум мал 5% дагы жетпейт. Кыргызстанда соңку кездери малдын санынан сапатына көңүл бурган чарбалар көбөйө баштады. Учурда этти жана сүттү арбын берген бодо мал менен кошо эттүү, уяң жүндүү кой, асыл тукум жылкы баккан 263 ферма бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG