Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Moppet Books басма үйүнүн "Эмне үйрөнө алам?" китептер топтому кыргызчаланды


Америкадагы Moppet Books басма үйүнө таандык Фредрик Колтиң жана Мелисса Медина түзгөн "Эмне үйрөнө алам?" (What I can learn from?..) китептер топтому кыргызчаланды. Төрт китептен турган сериянын ар бири ийгиликтүү адамдардын өмүр таржымалын баяндайт.

Nike компаниясынын негиздөөчүсү Фил Найт, IKEA компаниясынын негиздөөчүсү Иңвар Кампрад, Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс жана белгилүү диктор Опра Уинфринин өрнөктүү өмүрү балдар үчүн ылайыкталып, сүрөттөр менен берилген.

Китептерди “Китепстан” басма үйү чыгарды. Которгондор: Асылбек Жоодонбеков, Жибек Кенжебаева, Нурболот Азамат жана Эрмек Шоруков. Автордук укук Тимурлан Ашыров тарабынан сатып алынган. Китептер шаардагы китеп дүкөндөрүндө сатылууда. (NB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG