Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:38

Зайырбек Ажыматовдун эки китеби жарык көрдү (видео)


Зайырбек Ажыматовдун жарык көргөн китептери.
Зайырбек Ажыматовдун жарык көргөн китептери.

Белгилүү акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүн утурлай анын замандаштары, жакындары эки китебин жарыкка чыгарып, 27-майда бет ачарын өткөрдү.

"Доско кат" аттуу китепке акындын буга чейин жарык көргөн жана жазылып, жарыяланбай калган ырлары, поэмалары, котормолору камтылган. "Датасы жок күндөргө" социалдык тармактарга, күндөлүгүнө жазып жүргөн ой толгоолору топтолгон.

"Азаттык" радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен "Жалгыздык" (1996-ж.), "Мелмил" (2005-ж.), "Нөлү көп жылдар" (2011-ж.), "Жүрөктөгү бороон" (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн.

Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында ырдалып жүрөт. Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. Акын каза болгондон кийин “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты негиздеген. Сыйлык жыл сайын маркумдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир акынга ыйгарылат. Быйыл апрель айынын 29унда “Ала-Арча” көрүстөнүндө анын эстелиги орнотулган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG