Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:27

Иранда адам өмүрүн алган кырсыктан кийин каршылык акциясы өттү


Ирандагы нааразылык акциясы.
Ирандагы нааразылык акциясы.

Ирандын Абадан шаарында 25-майда кичинде жүздөгөн адам бийликке каршы нааразылык акциясына чыкты. Буга курулушу толук бүтө элек имарат урап, бир нече кишинин набыт болушу себеп болгон. 23-майда болгон окуяда кеминде 20 киши набыт кетип, 40тайы жаракат алганы кабарланды. Куткаруучулар уранды алдында калгандарды издөө ишин улантууда.

Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлү мамлекеттик телеканалга курган маегинде, имараттын ичинде 50дөй адам болушу мүмкүн экенин айткан.

ILNA маалымат агенттиги билдиргендей, окуя болгон жерде топтолгон адамдар ошол жерге келген Абадандын мэри Хоссейн Хамидпурду ур-токмокко алышкан.

25-майда акцияга чыккандардын айрымдары "1979-жылдагы революция жаңылыштык болгонун" айтышса, башкалары "Компетентсиз бийликке өлүм" деп кыйкырып жатышты.

Хузестан провинциясынын сот бийлигинин башчысы кырсыктын себебин иликтөөнү буйруду. Ирандын президенти Эбрагим Раиси каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жергиликтүү бийликке кырсыкты иликтөөну тапшырды.

Абадан шаарында Ирандын экономикалык маселелер боюнча вице-президенти Мохсен Резаи жана ички иштер министри Ахмад Вахиди барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG