Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Доналд Лу: Кыргызстан менен АКШнын жаңы келишими даяр


23-майда АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Дональд Лу Бишкекке келгенде кыргыз бийлиги менен эки тараптуу кызматташтык жөнүндө жаңы келишимди талкуулаганын “Азаттык” менен болгон маегинде айтты.

"Биз келишимди даярдадык жана ага болушунча тез арада кол коюуну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министрин Вашингтонго чакырдык. Мамлекеттик катчы Блинкен ал жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат. Жакында Вашингтондо Борбор Азиянын бир нече министрлери менен жолугуштук жана сиздердин өкмөт менен жогорку деңгээлдеги алаканын болушун каалайбыз" - деди Дональд Лу.

Ал АКШнын Кыргызстандагы элчиси болуп турганда жаңы келишимдин үстүнөн төрт жыл иштегенин белгиледи. "Президент Жапаров көп векторлуу тышкы саясат деген эмне экенин түшүнүп, Кытай, Түркия, Европа, Орусия жана АКШ менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар. Ал кыргыз элинин жакшы жашоосу үчүн бул кызматташтыктын баарынан пайда алгысы келет”, - деди Дональд Лу.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG