Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:22

Молдованын экс-президенти мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталууда


Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон.
Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон.

Молдованын Коррупцияга каршы прокуратурасы мамлекеттин мурдагы башчысы Игорь Додонго төрт айып такты, анын ичинде жемкорлук жана мамлекеттик чыккынчылык да бар.

26-майда прокурорлор сотко Додонду отуз суткага камоо өтүнүчү менен кайрылышары күтүлүп жатат. Буга чейин экс-президент 72 саатка кармалып, үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.

Додон өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук деп атап жатат. Ал ошондой эле азыркы президент Майя Санду мындай жол менен элди экономикалык көйгөйлөрдөн алаксытып жатат деген пикирде.

Тергөөнүн эсебинде, Додон олигарх Владимир Плахотнюктан пара алган. Орусиячыл Игорь Додон Молдованы 2016-2020-жылдары башкарган.

Кремл Додондун ишине жана анын укуктарынын корголошуна тыкыр көз салып жатканын билдирди.

Ал эми 25-майда баш калаа Кишиневде Додондун Социалисттер партиясынын тарапташтары жана мүчөлөрү көчөгө чыгып, анын бошотулушун талап кылышты.

Европадагы эң жакыр мамлекет деп эсептелген Молдова март айында Евробиримдикке кошулууга расмий арыз жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG