Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:58

ЖК: пандемияда ооруган дарыгерлерге кенемте төлөө маселеси көтөрүлдү


Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 6-июнь, 2020-жыл.
Коронавирус күчөгөн жай айларында ачылган убактылуу стационарлардын биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 6-июнь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында депутат Винера Раимбачаева коронавирус пандемиясы маалында иштеп жүрүп оору жуктуруп алган дарыгерлерге кенемте толук төлөнүп бербей жатканын билдирди. Өкмөт өкүлүн буга байланыштуу чара көрүүгө чакырды.

Саламаттык сактоо министрлиги март айында Кыргызстанда "кызыл зонада" иштеген медициналык кызматкерлерге төлөнгөн кенемте тууралуу маалымат берген. Ага ылайык, 2020-жылы коронавирус жуккан 925 дарыгерге 200 миң сомдон баш-аягы 185 миллион сом каражат төлөнгөн. Андан сырткары вирус жугуп каза болгон 32 кишинин жакындарына бир миллион сомдон берилди.

2021-жылы болсо 289 миллион кенемте төлөндү. Ошол эле учурда дагы 150дөй дарыгерге ар кандай себептер менен кенемте бериле электиги маалым болгон.

Өкмөт иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына 1 миллион сомдон кенемте төлөп берүү тууралуу чечим чыгарган.

Кийин анын жобосу өзгөртүлүп, коронавирус жуккан медициналык кызматкерлерге 45 миң сомдон 120 миң сомго чейин, ал эми каза болгондордун жакындарына 1,5 миллион сомдон 3 миллион сомго чейин кенемте төлөп берүү чечими кабыл алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG