Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Акылбек Жапаров: ЕАЭБ экономикалык шериктештиктин үлгүсү болушу керек


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитин утурлай Евразиялык экономикалык форум башталды. Анын ачылышында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, аймактагы, дүйнөдөгү соңку бир катар окуялардан улам Евразиялык эконономикалык биримдиктин (ЕЭАБ) мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишине жол ачылып жатканын билдирди. Мындан улам аталган уюм "дүйнөлүк экономиканын ири субъектиси" боло аларына ишеним артты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы экономикалык форумга катышуу үчүн бул уюмга мүчө мамлекеттерден 2,5 миңден ашык ишкерлер чөйрөсүнүн, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катталганын маалымдаган.

Анда транспорттук-энергетикалык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү, каржы-банк саясаты, өнөр жай тармагындагы кызматташтык, санарип жана жаштар маселелери, электрондук соода жүгүртүү жана кызматташуунун жаңы ыкмалары боюнча талкуулар болору айтылган. Ошондой эле дагы башка бир катар иш-чаралар өтүп, жыйынтыгында 10го жакын меморандум жана келишимдерге кол коюлмакчы.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЕЭК) 27-майдагы Бишкектеги жыйыны видеоконференция форматында өтөт. Өткөн аптада ага казак президенти Касым-Жомарт Токаевден башка Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Токаев Бишкекке 26-майда расмий сапар менен келет.

ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG