Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:25

Депутат Малиев Кумтөрдүн кирешесинен Нарынга акча берүүгө каршы чыкты (видео)


Арсланбек Малиев.
Арсланбек Малиев.

Жогорку Кеңештин 25-майдагы жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кумтөр кенинин кирешесинен Нарын облусуна дагы акча бөлүүгө каршы чыкты. Ал буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду сындап, анын кызматтан кетишин талап кылды.

"Мен Кумтөрдөн Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна акча бөлүп бергиле деп айтып келем. Бирок тилекке каршы, өкмөтүбүз ошол токтомду Нарын облусуна чыгарып жатат. Нарын облусунун Кумтөргө эмне тиешеси бар? Ансыз деле Кумтөр республиканын баарына жардам берип жатпайбы. Ошондуктан бул маселени күн тартибине киргизип, туура эмес токтом чыгарганы үчүн өкмөт башчы Жапаров отставкага кетсин. Уяты болсо өзү кетсин, болбосо мен президентке кайрылам",-деди Малиев.

Парламенттин спикери депутатты аймактарды бөлбөөгө чакырды.

Депутаттын дооматына Акылбек Жапаров жана өкмөт комментарий бере элек.

Министрлер кабинетинин төрагасы 24-майда Кумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берүү тууралуу чечимге кол койгон. Анда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6% сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын" деп жазылган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, "мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган. Буга чейин президент Садыр Жапаров Нарында жергиликтүү тургундар менен жолукканда облусту өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын "Кумтөр Голд Компанинин" жылдык дүң пайдасынын 0,6% бөлүнүп турарын билдирген" деп белгиленген.

Буга чейин “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын кабарлаган.

Кыргыз бийлиги кенди өз карамагына алгандан бери канча тонна алтын казылганы, ал каякка, кандай шартта сатылганы, түшкөн киреше тууралуу так маалымат бере элек.

Кумтөр алтын кени канадалык “Центерра Голд” ишканасы иштетип турган тапта компания “Кумтөрдүн” сайтына бир жылда казыла турган алтындын көлөмү, квартал сайын өндүрүлгөн алтын, чыгаша тууралуу маалыматты жайгаштырып турчу.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат жарыяланарын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG