Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Техас: мектептеги куралдуу кол салууда 18 окуучу жана мугалим мерт болду


АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарындагы башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда кеминде 18 окуучу менен бир мугалим жана дагы эки киши мерт болду. Бери дегенде 15 тургун жараат алды жана экөөнүн абалы оор.

Полиция ок чыгарууга шек саналган 18 жаштагы Сальвадор Рамос аттуу жергиликтүү тургунду атып өлтүрдү. Атышуу маалында эки полиция кызматкери жеңил жараат алды.

Айрым басылмалар кылмышка шектүү мектепке барып ок чыгарардын алдында өзүнүн чоң апасын атканын жазышты. Анын мындай кадамга барган себеби азырынча белгисиз.

Бул мектепте 7 жаштан 10 жашка чейинки балдар окуйт.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Карин Жан-Пьер кандуу окуя тууралуу президент Жо Байденге маалымат берилгенин билдирди. Трагедия болгон маалда Байден Азиядагы сапарынан кайтып келе жаткан жана учакта болгон. Ал каргашага байланыштуу билдирүү жасаганы жатат.

"Ал бул үрөй учурган окуядан жабыркагандардын үй-бүлөлөрү үчүн дуба кылып жатат", -деди басма сөз катчы.

Gun Violence Archive уюмунун эсебинде, май айында эле Кошмо Штаттарында курал колдонулган 215 учур катталып, бери дегенде төрт адам мерт болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG