Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Жусупбекова пионер уюмунун мааракесине байланыштуу кечирим сурады


Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мектептерде пионер кыймылынын 100 жылдыгын белгилөө тапшырмасына байланыштуу түшүндүрмө берди. Анда бул уюмдун мааракесин өткөрүү сунушу менен мамлекеттик катчыга (Сүйүнбек Касмамбетовго) коомдук ишмер Жаңыл Түмөнбаева кайрылганын, ошонун негизинде телефонограмма жөнөткөнүн билдирген.

"Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз. Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген. Бирок тилекке каршы, министр, жалпы жетекчилик менен кеңешпей туруп жибергеним үчүн кечирим сурайм. Туура кабыл алууңуздарды өтүнөм!", - деп жазды Жусупбекова.

Мунун алдында социалдык тармактарга аталган министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тууралуу телефонограммасынын сүрөтү жарыяланган. Анда бул иш-чаралар "балдарды руханий-нравалык жактан тарбиялап, саламаттыгы үчүн зарыл" деп жазылган. Документке билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон.

Өткөн аптада пионерлер кыймылынын 100 жылдыгына карата Жети-Өгүздүн Кызыл Суу айылындагы мектепке Владимир Ильич Лениндин бюсту коюлуп, ал шаан-шөкөт менен ачылганы талаш-талкуу жараткан. Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов бул окуяны "өзүм билемдик" катары сыпаттап, атайын комиссия иликтеп чыгарын билдирген.

Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн баарында пионердик кыймылдар болуп, ал жаш муунду Коммунисттик партияга берилген духта тарбиялоо милдетин аткарган. 1922-жылы уюшулган пионер кыймылына ар бир советтик окуучу 9 жашынан 14 жашка чейин милдеттүү түрдө мүчө болуп, кызыл жагоо тагынып жүрчү. Андан кийин алар жагоосун чечип, комсомолдук уюмдун катарына өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG