Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Аксыда селге байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды


Аксынын айрым аймактарында өткөн апталарда дагы сел жүргөн.
Аксынын айрым аймактарында өткөн апталарда дагы сел жүргөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам сел жүргөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, табыгый кырсыкта алты көпүрө жарактан чыкты, Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу жана Кызыл туу айыл аймактарында 4,5 миң метр жолду суу жууп кетти. Ошондой эле ондогн үйдү, бир социалдык объектини сел каптады. Учурда аймакта селдин кесепетин жоюу, чыгымды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Май айындагы катуу жааган жаандан улам өлкөнүн дээрлик бардык аймагында сел жүрүп, бир топ турак-жай жарактан чыкты. Короолор, жолдор жана көпүрөлөр бузулуп, ондогон гектар айдоо аянтын сел жууп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG