Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Бишкектен Жалал-Абадга күн сайын учак каттай баштайт


Жалал-Абад аэропоту
Жалал-Абад аэропоту

Бул тууралуу “Манас” эл аралык майданы кабарлады. Ага ылайык, кыргызстандык TezJet компаниясынын учагы 1-июлдан тартып күн сайын Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек каттамында уча баштайт.

Учурда Жалал-Абадга борбордон жумасына үч жолу (дүйшөмбү, жума жана жекшемби) учак каттайт.

Жалал-Абад Кыргызстандагы ири аймактардын бири.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын алкагында бардык аба майдандардын инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG