Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Ошто эки күндөн бери таза суу берилбей турат 


Ош шаары, сууга кезекке тургандар. 21-май, 2022-жыл. Интернет колдонуучулары жарыялаган 
Ош шаары, сууга кезекке тургандар. 21-май, 2022-жыл. Интернет колдонуучулары жарыялаган 

Ош шаарында таза суу берүү 21-майда убактылуу токтотулду. Шаар мэриясы тараткан маалыматка караганда, Папан суу сактагычына жакын жылгалардан сел жүргөнүнө байланыштуу суу берүү токтотулган.

«Кечээ Папандан келген селден улам сууну өчүргөнбүз. Сел токтоп, түнкү саат төрттө суу бергенден кийин жарым саат өтпөй жамгыр жаап, Озгур айылында сел жүрдү. Сууну берүүнү аргасыздан кайра токтоттук. Бирок 3 күн суу болбойт деген маалымат туура эмес. Ар жарым саатта суудан анализ алып жатабыз, жамгыр токтоору менен кечке чейин суу берилет. Суу керек жарандарга Оштун суу-канал башкармалыгынын 20дан ашуун унаалары суу ташып берүүдө»,-деди Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев.

Сууга кезекке турган шаардыктар социалдык тармактар аркылуу жергиликтүү бийликке нааразылык билдиришүүдө. Алар суунун эскертүүсүз өчүрүлгөнүн айтып, шаар бийлигинен тургундарды суу менен камсыз кылууну талап кылып жатышат.

Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү токтотулат. Кээде 2-3 күн суу жок болуп калат.

Таза суу жаан жааган сайын токтотулуп, тургундарды ыңгайсыз абалга салып келет. Бул маселени чечүү үчүн эки долбоор ишке ашырылган. 2009-2010-жылдары жергиликтүү казынадан 22 млн. сом бөлүнгөн. Андан кийин Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан 1,5 млн.доллар грант катары берилген. Бирок бул эки долбоор тең майнапсыз болуп, маселе чечилген эмес. Ош шаардык мэриясы шаарды таза суу менен камсыздоо үчүн кайрадан Азия Өнүктүрүү банкынан грант сурап жаткандыгын билдирген. Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев июль айынан тартып курулуш иштери башталып, долбоордун аркасы менен кийинки жылы Ош шаары 80% таза суу менен камсыз боло турганын билдирди. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG