Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Польшанын президенти Анжей Дуда күтүүсүз сапар менен Киевге барды


Польшанын президенти Анжей Дуда Киевге келди.
Польшанын президенти Анжей Дуда Киевге келди.

Поляк президенти Анжей Дуда 22-майда Киевге күтүүсүз барып, согуш башталгандан бери украин парламентинин алдына чыгып сөз сүйлөй турган алгачкы президент болуп калат.

Дуда Жогорку Радага чыгып сүйлөп, Украинаны Евробиримдикке кабыл алуу чакырыгын дагы бир жолу кайталай турганы күтүлүүдө.

Буга чейин Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын баскынчылыгына карабай Украина уюмга шашылыш кошулбай турганын жарыялаган. Ал Евробиримдикке кирүүдө кыска жолдор жок экенин, Балкандагы алты өлкө көп жылдан бери уюмга кирүү үчүн ургалдуу реформаларды жасап, даярдык көрүп келгенин айткан.

Апрель айында Анжей Дуда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү максатында Литва, Латвия жана Эстониянын лидерлеринин делегациясы менен Киевге барып кайткан.

Владимир Зеленский өзү Давосто өтчү Дүйнөлүк экономикалык форумда 23-майда видео байланыш аркылуу чыгып сөз сүйлөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG