Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:02

"Чоң жети" Украинанын каржы системасын чыңдоого 19,8 миллиард доллар бөлөт


Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Дмитрий Кулеба менен сүйлөшүүдө, Германия, 13-май, 2022-жыл
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Дмитрий Кулеба менен сүйлөшүүдө, Германия, 13-май, 2022-жыл

"Чоң жетинин" мүчөлөрү Украинанын каржы системасын чыңдоого 19,8 миллиард доллар бөлүүнү убада кылышты. Бул тууралуу уюмга кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жолугушуусунан кийин жарыяланды.

"Биз согуш учурунда жана андан кийинки мезгилде да Украинанын кызыкчылыктарын коргоону улантабыз жана зарылчылыкка жараша көбүрөөк аракет кылууга даярбыз", - деди "Чоң жетинин" каржы министрлери жана борбордук банктын жетекчилери.

Украинанын эсебине караганда, мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысына жана администрациянын иштеши үчүн айына болжол менен 5 миллиард доллар керек.

Жолугушууда Орусияга карата жаңы санкцияларды киргизүү маселеси дагы талкууланды.

"Чоң жетиликтин" өкүлдөрү Орусиянын энергетикалык экспорттон түшкөн кирешесин кыскартуу, анын ичинде этап-этабы менен эмбарго киргизүү, орус мунайынын баасын чектөө үчүн сатып алуучулар картелин түзүү жана орус мунайынын импортуна салык салуу сунуштарын карашты.

"Чоң жети" уюмуна (G7) АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG