Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Орусияда Каспаров менен Ходорковский "чет элдик агент" деп таанылды


Михаил Ходорковский.
Михаил Ходорковский.

Орусиянын Юстиция министрлиги оппозициячы, шахмат боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Гарри Каспаров менен ишкер жана коомдук ишмер Михаил Ходорковскийди "чет элдик агенттердин" тизмесине киргизди. Бул реестр жакында эле толуктала баштады, анда азыр 7 адам бар. Ходорковский Украина менен, Каспаров Украина жана америкалык Адам укуктары фонду менен байланышы бар шек саналууда.

Учурда экөө тең чет өлкөдө жашайт жана Орусия президенти Владмир Путиндин саясатын, Украинага согуш ачканын сындап келишет. Вильюнюста алардын катышуусунда орусиялык эмигранттардын "Орус кыймылынын аракети" аттуу жаңы уюм түзүлдү.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамга ылайык, тизмеге кирген уюмдар жана адамдар атайын каттоодон өтүп, бардык материалдарга "чет элдик агент" экенин жазып турушу керек. Эрежеге баш ийбегендерге айып пул салынат.

Буга чейин шахмат боюнча дүйнөнүн 13 жолку чемпиону, оппозициячыл саясатчы Гарри Каспаров “Настоящее Время” телеканалы менен болгон маегинде Путин Украинаны “жер менен жексен кылууну көздөп жатканын, аны азыр токтотуп калбаса, согуш оту бүтүн Европага жайыларын” эскерткен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG