Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

Орусиянын "кара тизмесинде" 82 миң кыргыз жараны бар экени айтылды


Москва. Архивдик сүрөт.
Москва. Архивдик сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 82 миңдей жараны Орусиянын миграциялык “кара тизмесинде” экенин бүгүн 20-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында эмгек мигранттарынын укугун коргоо маселеси талкууланып жатканда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Анын айтымында, март айында Орусиянын тийиштүү органдарынан бул тизмеде 81 миң 903 кыргызстандык бар экени тууралуу маалымат түшкөн.

Алыбаева Орусияга барган мигранттарга каттоого туруу үчүн манжа изин тапшыруу, медициналык текшерүүдөн өтүү жана сүрөткө түшүү деген милдеттүү талаптардын коюлушу маанилүү маселелердин бири экенин айтты:

“Мындай жаңы шарттарды да Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) алкагында жумушчулардын эркин жүрүүсүнө коркунуч туудурган тоскоолдуктардын белгилеринин бири деп санайбыз”.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген кыргызстандыктардын саны 2017-жылы 100 миң адам, 2020-жылы 60 миң, 2021-жылы 74 миң экени айтылган.

2021-жылдын 29-декабрында Орусияда “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” жана “Мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, жаңы миграциялык эрежелер иштей баштаган. Ага ылайык, чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл.

Орусиядагы мигранттарга коюлган мындай жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, бул ЕАЭБ ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе 16-февралда Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG