Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:47

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси бир айга үй камагына алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова бир айга үй камагына алынды. Каракол шаардык сотунун 19-майда кабыл алынган бул тууралуу токтомуна карата Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз берилгенин “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолиддинов билдирди.

Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде кармалганын 17-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ырастаган жана ага карата тергөө жүрүп жатканын билдирген.

12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун “Азаттыкка” министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирген.

13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын билдирген.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG