Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Сузакта диний адабияттарды уруксатсыз даярдаган басмакана аныкталды


Кыргызстандын күч түзүмдөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын күч түзүмдөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Б.А.К. аттуу жарандын үйүнөн басып чыгаруу жабдыктары, компьютерлер, принтерлер жана 5 миңден ашык диний адабияттар табылганын билдирди.

"Басмакананын ээсинин диний адабияттарды чыгарууга уруксат кагаздары, тиешелүү маркировкалары жок. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын диний экспертизасынан жана текшерүүсүнөн өткөн эмес",-деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Тинтүү учурунда алынган диний адабияттар теологиялык экспертизага жөнөтүлүп, тергөө жүрүп жатканы айтылды. УКМК тараткан маалыматка караганда, өлкөдө террористтик жана экстремисттик аракеттерге каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террористтик жана экстремисттик уюмдар катары тыюу салынган. Бул уюмдардын атынан чыккан же аларга таандык экени аныкталган материалдардын бардыгын сот тыюу салынган диний экстремисттик адабияттардын катарына киргизген.​ (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG