Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

WSJ: Google компаниясынын Орусиядагы кызматкерлери Дубайга чыгып кетти


 Google корпорациясынын издөө сервиси.
Google корпорациясынын издөө сервиси.

Америкалык Google корпорациясы Орусиядагы кеңсесинин кызматкерлерин чыгарып кетти, көбү Дубайга жер которушту. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.

Орусияны канча кызматкер таштап чыгып кеткени макалада белгиленген эмес. Кызматкерлердин бир тобу өлкөнүн ичинде калып, корпорациядан иштен чыгып кетишкен.

Москва Украинага кол салгандан кийин март айында Google корпорациясынын Орусиядагы кеңсесинин банктык эсеби камакка алынган. Сот аткаруучулар эсептеги акчаны тартып алуу тууралуу чечим чыгарышкан, натыйжада мекеме маяналарды жана башка чыгымдарды төлөй албай калган. Компания кызматкерлерине ошондон соң сыртка көчүп кетүүнү сунуштаган.

18-майда Google компаниясы өзүнүн Орусиядагы туунду фирмасын банкрот деп жарыялаган.

“Орусиялык бийликтер Google корпорациясынын Орусиядагы банктык эсептерин камакка алып койгону кеңсенин иштешине толук чекит коюп койду. Анын ичинде кызматкерлерге айлык, жеткирүүчүлөргө жана сатуучуларга төлөм берилбей калды. Башка финансылык милдеттемелерди аткаруу да мүмкүн болбой калды”,-деп айтылган компаниянын билдирмесинде.

Москва соту былтыр декабрда Орусияда тыюу салынган маалыматтарды өчүрбөй койгону үчүн Google корпорациясына 7 млрд. рублден ашык суммада айыппул салган. Быйыл майда сот аткаруучулар аталган сумманы өндүрүү аракеттерин баштаганы расмий айтылган. Бийликтен сырткары компаниянын үстүнөн НТВ жана "Царьград" жалпыга маалымдоо каражаттары да сотко даттанган.

Google жергиликтүү кеңсесин жапканы менен өзүнүн – издөө , YouTube, карта сервистерин жана Gmail почтасын Орусияда жеткиликтүү бойдон калтырууну көздөп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG