Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:50

“Журналисттер” бирикмесинин төрагасы алмашты


Марс Тулегенов жана Нурдин Дүйшөнбеков.
Марс Тулегенов жана Нурдин Дүйшөнбеков.

Нурдин Дүйшөнбеков 18-майда “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы болуп шайланды. Ал эми бирикмени 2018-жылдан бери жетектеп келген Марс Тулегенов ден соолугуна байланыштуу кызматын тапшырганы кабарланды.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жаңы төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, журналисттердин таламын коргогон активист катары белгилүү.

“Журналисттер” бирикмеси өлкөдөгү сөз эркиндигин коргоо жана журналисттердин кесиптик чеберчилигин арттыруу жаатында иш алып барган өкмөттүк эмес уюм. Кыргызстанда журналисттер менен иш алып барган Көз карандысыз журналисттер бирлиги да бар.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык өкмөттүк эмес уюмунун рейтингинде, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында өлкө 72-орунга чыкты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG