Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Жалал-Абадда калемсап капкагын жутуп алган наристе чарчап калды


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Жалал-Абадда калемсаптын капкагын жутуп алган бир жашар наристе чарчап калганын 18-майда шаардык милиция билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-майдын кечинде Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнөн милицияга маалымат түшкөн.

Анда Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи шаарчасында бир жашар наристе үйүндө калемсаптын капкагын ойноп жатып кокусунан жутуп алганы, аба жетпей, ошол жерде чарчап калганы айтылган.

Шаардык милицияда бул факт кокустук катары катталып, текшерүү башталды. Наристенин атасы арыз жазуудан баш тартты.

Быйыл кышында Ошто да биринчи класстын окуучусу калемсаптын капкагын жутуп алган, аны дарыгерлер сактап кала алышкан эмес. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG