Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:28

Музейлер күнү белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 18-майда Бишкекте Музейлердин эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар өтөт. Мэриянын маалыматына караганда, Гапар Айтиевдин өнөркана-музейинде “Ачык эшик” күнү, Ольга Мануйлованын үй-музейинде живопись жана графика көргөзмөсү, Семен Чуйковдун мемориалдык үй-музейинде көргөзмө, мастер-класс уюштурулуп, сүрөтчү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт, ал эми Аалы Токомбаевдин үй-музейинде коноктор үчүн “Манас” айтуу менен коштолгон экскурсия уюштурулат.

Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде «Музей түнү» өтөт. Каалоочулар жаңыланган экспозициялар, көргөзмөлөр, спектаклдер менен таанышып, мастер-класстарга катыша алышат.

Музейлердин эл аралык күнү дүйнөдө 1978-жылдан бери белгиленип келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG