Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Ирандык режиссер киночулар куугунтукка кабылганын айтты


Берлин кинофестивалынын 2020-жылдагы жеңүүчүсү, ирандык кинорежиссер Мохаммад Расулоф.
Берлин кинофестивалынын 2020-жылдагы жеңүүчүсү, ирандык кинорежиссер Мохаммад Расулоф.

Ирандагы таанымал режиссер соңку күндөрү бийлик бир катар киноматографисттердин жана башка өнөр ишмерлеринин үйлөрүн тинтип, өздөрүн камаганын билдирди.

Мохаммад Расулоф 14-майда кечинде Инстаграм баракчасына ондогон кино ишмерлери кол койгон арызды жарыялады.

Арызда күч органдары тинтүү маалында кино тарткан курал-жабдууну конфискациялаганы белгиленет. Ал мындай иштерди «мыйзамсыз» деп айыптайт.

Расулоф Инстаграмга жазган башка постунда эки режиссер - Фирузе Хосравани жана Мину Кешаварз кармалганын кабарлады.

Иран бийлиги соңку жүргүзүлгөн тинтүү иштери тууралуу комментарий берген жок.

2020-жылы Расулоф эл аралык Берлин фестивалында баш байгени алган. Ал тарткан тасмада өлүм жазасына тартылган, укугу чектелген төрт тагдыр баяндалат.

Режиссер сыйлыкты алгандан көп өтпөй бир жылга эркинен ажыратылган. Адвокаты соттун чечимин арызданып, Расулофго тасма тартууга жана чет өлкөгө чыгууга тыюу салынган.

Ирандын консервативдүү жетекчилиги бийликке жакпаган маданий иш-чаралар менен ишмерлерди Батыштын исламды жек көрсөтүүгө багытталган «жылма согушунун» бөлүгү деп карайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG