Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Милиция Токмокто улут аралык кастыкты козутууга аракеттенгендер болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмокто улут аралык кастыкты козутууга аракет кылган жарандар аныкталды. Бул тууралуу тартип коргоо органдарынан кабарлашты. Маалыматка караганда, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кечирим сурап, мыйзамга каршы келген аракеттерге барып, чакырык жасашканын моюнуна алышкан.

Буга чейин Чүй милициясы тогуз жыл мурда жасалган кылмыштын бети ачылганын кабарлаган. Ысык-Атада 2013-жылы эки киши өлтүрүлүп, талаага жашыруун көмүлгөнү боюнча жергиликтүү эки тургун кармалганын милиция 11-майда кабарлаган.

Милиция ушул маалымат чыккандан кийин WhatsApp аркылуу кастыкты козуткан аудио билдирүүлөр тарап жатканы, мындай чагымга алдырбоо керектигин билдирген. Чүй милициясы тогуз жыл мурдагы кылмышка шектүүлөр кармалган окуянын тегерегинде улут аралык кастыкты козутууга аракет кылгандар кылмыш жообуна тартыларын маалымдады.

Улут аралык кастыкты козуткандар Жазык кодексинин 330-беренесинин ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") негизинде жазага тартылат. Бул берене боюнча соттолгондорго 100 миң сомдук айып пулдан тартып жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG