Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

УКМК кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка катышканы боюнча иш козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргызстандык жарандын Украинадагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдар активдүү жарыяланган социалдык тармактардагы баракчасын тапканын маалымдады.

Атайын кызматтын 14-майда тараткан маалыматына караганда, аккаунттун ээси 2021-жылы Украинага эмгек миграциясына чыгып кеткен Кыргызстандын К.у.А. аттуу жараны экени такталган.

"Алынган материалдар Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы) кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Анын алкагында К.у.А Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышка катышкан факты боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат бул багытта профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантып жатканын, өлкөнүн чегинен тышкары куралдуу операцияларга катышкандарга Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Киев Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери 25 миңден ашуун аскерин жоготконун кабарлаган. Москва оор жоготууларды моюнга алганы менен өлгөндөрдүн так санын атай элек.

Согуш аракеттери башталгандан бери Орусиянын жарандыгын алып, армияда кызмат өтөгөн үч кыргызстандык Украина аймагында каза болду. Жергиликтүү активисттер алардын сөөгү Кыргызстанда орус желеги менен жерге берилгенин сынга алышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG