Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:02

Таласта убактылуу кармоочу жайдагы жаран кыйноого кабылганы маалым болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор Талас шаарындагы кылмышка шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайды текшерип, анда жаткан Ж.А аттуу жаран кыйноого кабылганын аныктады.

Шектүү жаран борбордун кызматкерине арызданып, тергөөчүлөргө чара көрүүнү суранган.

Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты.

Маалыматка караганда, 10-мартта милициянын Талас райондук бөлүмүндө 24 жаштагы адамды суракка алган учурда кызматкерлер шектүүнүн башына газдан коргонуучу масканы кийгизип кыйнашкан. Коркутууга кабылган шектүү кылбаган ишти моюнуна алууга аргасыз болгон.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор ишти прокуратура органдарына жөнөттү. Милициядан бул маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.

2021-жылдагы адам укугунун абалы боюнча АКШнын Мамлекеттик департаменттинин баяндамасында Кыргызстанда жалпы түшкөн арыздын ичинен 63 кыйноо фактысы аныкталганы көрсөтүлгөн.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG