Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

Караколдо үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Б.Ж пара алып жаткан жеринен кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору жана Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо бөлүмүнүн Б.Ж. аттуу координатору 100 миң 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен 13-майда кармалган. Атайын кызмат шектүү акча каражатын Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлеринен алганын, ал өз кезегинде орто медициналык кызматкерлерден чогултулганын билдирүүдө.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эл аралык Transparency International уюмунун соңку изилдөөсүнө караганда, 2020-жылы 124-орунду ээлеген Кыргызстан былтыр 144-орунга түшүп калган. Буга өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн аягына чыкпай калышы жана башка жагдайлар себеп болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG