Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону башталды


Марафон, Ысык-Көл. 14-май. 2022-жыл.
Марафон, Ысык-Көл. 14-май. 2022-жыл.

Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды. Ага 22 өлкөдөн келген 3 миңдей жөө күлүк катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Марафонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон Ысык-Көлдө өтүп жатканын белгиледи.

"Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз", - деди ал.

Марафондо катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшөт:

  • Марафон — 42 чакырым 195 метр;
  • Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;
  • 10 жана 3 чакырым;
  • 3 чакырымга скандинавиялык басуу;
  • 10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Марафондун байге фонду 1 млн. 534 миң сомду түзөт.

Спорттук иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону "квалификациялык" деп таанылганын, анын нормативин толтурган спортчуларга дүйнөлүк чемпионатка, Олимпиада жана Азия оюндарына жолдомо берилерин айткан. 2021-жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Марафондун алкагында Issyk-Kul ITF 2022 эл аралык ири туристтик кѳргѳзмѳ-жармаңкеси дагы өтүп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG