Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Иранда кымбатчылыкка каршы акцияга чыккан адамдар кармалды


Ирандагы нааразылыктар. 13-май, 2022-жыл.
Ирандагы нааразылыктар. 13-май, 2022-жыл.

13-майда Иранда азык-түлүктүн кымбатташына байланыштуу бир катар шаарларда нааразылык акциялары өтүп, ага катышкандардын кеминде 20-30дайы кармалды.

Өлкөнүн президенти ушул аптада бир катар экономикалык чараларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен баасы туруктуу кармалган айрым товарларга субсидиялар алынарын жарыялаган. Натыйжада өлкөдө ун менен майдын баасы кымбаттай түштү.

Бул өлкөдө нааразылык жаратып, батыш аймактагы Хузестан провинциясында бир нече шаарларда нааразылык акциялары өттү.

Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, Дезфуле жана Махшар шаарында каршылыкка чыккандар Раиси менен Ирандын жогору лидери Али Хаменеинин кызматтан кетишин талап кылышкан. Айрым маалыматтарда полиция чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газдарды чачты. Нааразылык эки күндөн бери уланууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык чектөөлөр киргенден кийин дүйнөдө азык-түлүк жана башка багыттагы товарлар кымбаттай баштаган. Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин баалар дагы өстү.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму быйыл бул согуштан улам элүүдөй мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы болорун эскерткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG