Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

ӨКМ Сузактагы селден жыйырма беш үй авариялык абалга келгенин билдирди


Сузак. 4-май, 2022-жыл.
Сузак. 4-май, 2022-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы 4-майдагы селдин кесепетинен Сузак районундагы Барпы айыл аймагынан 13 турак үй, Атабеков айылынан 10, Сузак айыл аймагында эки үй авариялык абалга келгенин билдирди.

5-майда Сузак районунун бир нече аймагында сел жүргөн. Кокту-колоттордон түшкөн сел онго чукул айылды каптап, 1000ден ашуун тургун коопсуз жерге чыгарылган. Селден Сузактын Барпы жана Атабеков айылдарынан 654 турак үй, онго жакын социалдык мекемелер жабыр тарткан. Чыгымдар эсептелип жатат.

3-4-май күндөрү Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарындагы ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калган. Сел жана көчкү коркунучунан улам Кыргызстанда мамлекеттик органдар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG