Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Соцфонд апрель айында 5415 адамга пенсия чектеди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлагандай, мекеме 2022-жылдын январь-апрель айларында 24 107 жаранга пенсия дайындап, чектеди. Анын ичинде апрель айында 5415 адам пенсионер болду.

Ошондой эле эмгек тажрыйбасы, айлык акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1084 пенсионердин пенсиясы кайрадан саналды. Буга кошумча документтер негиз берген.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылдын апрелинде Кыргызстанда 725 миңден ашуун адам Соцфонддон пенсия алат, анын орточо өлчөмү 6175 сом.

Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен 1568 адам карылыгына байланыштуу жөлөк пул алат. Алардын пенсиясы 2200 сом. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG