Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Чек ара кызматы Кадамжайда Өзбекстан зым тартып жатканына түшүндүрмө берди


Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажановдун "Өзбекстандын чек арачылары Баткендеги чек ара айылынын аймагында курулуш иштерин жүргүзүп жатат” деген билдирүүсү боюнча маалымат берди.

Анда 2017-жылдын 5-сентябрдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө макулдашууга ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Арпа-Сай айылына жакын Пылдырык деген тилкеде кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процесси аяктаганы айтылат.

Макулдашууну Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-жылдын 28-сентябрында ратификациялаган. Учурда Өзбекстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын чек арачылары өз аймагына зым тосмолорду орнотуу боюнча инженердик иштерди жүргүзүүдө.

Өзбек тарап өз аймагында инженердик иштерди жүргүзө тургандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү бийликке жана чек арага жакын айылдардын тургундарына жеткирилген.

11-майда Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атаджанов Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Арпа-Сай айылынын тургундары "өзбек тарап Кыргызстандын аймагына кирип, тикенек зымдарды тартып, аңдарды казып жатканына тынчсызданышууда", - деп билдирген.

5-7-май күндөрү Бишкекте кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун алгачкы жолугушуусу өтүп, анда демаркацияны жөнгө салуучу документтин долбоору талкууланган.

Эки өлкө ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзүп, 2017-жылдагы макулдашуунун негизинде анын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% такталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG