Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Султанбаев депутаттарды коңшулар тууралуу сын айтууда этият болууга чакырды


Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын айтууда этият болууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Депутат - бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн. Кудайга шүгүр, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

11-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Арсланбек Малиев менен Марлен Маматалиев Казакстан тараптан Кыргызстандын жүк ташуучу автоунааларынын өтүшүнө жасалма тоскоолдук түзүлүп жатканын айтып, сугат сууну бууш керек экенин билдиришкен.

Парламентте буга чейин дагы кыргыз-казак чек арасындагы абал экономикалык кысым катары каралып, депутаттар кыргыз тараптын жоготууларын эсептеп чыгууну сунуштаган.

Депутат Айбек Алтынбеков казак тараптын бул кадамын кыянатчылык деп атап, өкмөттү ага каршы чукул чараларды көрүүгө чакырган.

Буга Казакстандын премьер-министринин орун басары, финансы министри Ерулан Жамаубаев токтоосуз жооп кайтарган. Ал казак тараптын кыргыз өкмөтү менен пикир келишпестиги жоктугун, сугат маалында сууну тосууга негиз жок экенин белгилеген.

Казакстан Кыргызстандагы Токтогул, Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан чыккан сугат суусун пайдаланат. Казакстандын расмий бийлиги 2021-жылы Кыргызстандан пландан ашык суу алганын билдирген.

Өткөн айда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги пайда болгон. Бишкек "Казакстан жүк ташууда Евразия экономикалык биримдигинин шарттарын аткарбай жатат" деп айыптаган.

24-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары - соода жана интеграция министри Бахыт Султанов чек арадагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жолуккан. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул сүйлөшүүдөн кийин өткөрмө жайларында кезек күтүү азайганын кабарлаган.

Бишкек менен Нур-Султан Казакстан тарап электрондук эсеп-фактурасын текшербейт деген чечимге келген. Кыргыз тарап автоунааларды документи жок чыгарбайт деген милдеттенме алган.

Майдын башында Казакстандын мамлекеттик киреше комитети “Кыргызстандын айрым абийирсиз ишкерлери бул макулдашууну бетке кармап, өлкөгө аткезчилик жүктөрдү жашыруун схема менен киргизип жатат” деп маалымдаган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG