Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Садыр Жапаров: Ширшов Максим Бакиевдин акчасын кайтарууга көмөктөшөт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Коррупция" беренеси менен кармалып, 10-майда үй камагына чыгарылган "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов боюнча пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Президенттин айтымында, Алексей Ширшов 6-7 ай мурда жардамчылары аркылуу байланышып, "Максим Бакиевдин 200 млн. доллары камакта жаткан банкты тапканын, Кыргызстанга кайтарууга болорун айтып" кабыл алууну суранган.

"Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз", -деген президент.

Мамлекет башчысы Алексей Ширшов тергөө учурунда 2010-жылы Максим Бакиевдин мүлктөрүн, "Аврора плюс” пансионатын, андагы коттеждерди, батирлерди кайсы бийликте отурган адамдар, Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү талап-тоноп, туугандарына каттатып алганын айтып бергенин жазган.

Жапаровдун айтуусунда Алексей Ширшовго карата Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан эч кандай кылмыш иши козголуп, издөө салынган эмес.

Ал ошондой эле Максим Бакиев чыгарып кеткен акчалардын кайда экенин билгендерди чакырып, коопсуздугуна кепилдик бере турганын билдирип, мунун артынан Максим Бакиев дагы келет деп жаткандарга көңүл бурбоого, ал "башынан ылдый алтын куябыз" деп чакырсаңар дагы келбейт, анчалык акылсыз эмес деген.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун мурдагы башчысы Алексей Ширшов кармалып, бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болду. Аталган орган бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн делген адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта сынга кабылууда. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG