Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Депутат Осмонов "Достук" аркылуу өткөндөр кыйналып жатышканын айтты


Айбек Осмонов.
Айбек Осмонов.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өткөндөрдөн мыйзамсыз акча талап кылынып жатканын Жогорку Кеңештин 11-майдагы жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов айтып чыкты. Ал парламент төрагасына кайрылып, маселеге көңүл буруу үчүн бажы жана чек ара мекемелерине тийиштүү тапшырма берүүнү өтүндү:

"“Достук” бекетинен Өзбекстанга өткөн элдерибиз абдан кыйналып жатыптыр. Анткени экиге бөлүнүп калыптыр – акча берип өткөндөргө өзүнчө, акча бербегендерге өзүнчө пост бар экен. Бул эмне деген нерсе? Ошого протоколдук тапшырма берип койсоңуз бажычыларга жана чек арачыларга. Мындай болбойт да. Бүт соода-сатык жана мамилелешкен Өзбекстан менен чек арада бул чоң көйгөй болуп жатыптыр”.

“Азаттык” бул боюнча комментарий сурап Чек ара кызматына кайрылганда мекеменин басма сөз кызматы чек арачылар паспорт гана текшерерин, жүргүнчүлөрдөн акча алынбай турганын билдирди.

Бажы кызматы да депутаттын айткандарын четке кагып, чек арадан өткөндөрдөн акча талап кылынбасын айтты.

“Достуктан” нары-бери каттагандар акча төлөөгө мажбур экенин айткандар буга чейин да болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG