Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Бишкекте кафеде сабалган индиялык жаран боюнча тергөө жүрүүдө


Видео байкоого тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек, 8-май, 2022-жыл.
Видео байкоого тартылган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек, 8-май, 2022-жыл.

Бишкекте кафеде сабалган индиялык жаран боюнча кылмыш иши Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен тергелип жатканын 10-майда “Азаттык” радиосуна Ленин райондук милициясынан кабарлашты. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 8-майга караган түнү болгон.

Милицияга Улуттук госпиталга ур-токмокко кабылган 22 жаштагы индиялык жаран жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери барганда ал достору менен кафеде отурганда белгисиз үч кишинин ур-токмогуна эч себепсиз кабылганын айтып берген жана аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Райондук милиция азыр бул кылмышка тиешеси барларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги "Азаттыкка" билдиргендей, жабыркаган жаран бетинен жана желкесинен жараат алган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин ооруканадан кое берилген.

Бишкекте Индиянын жүздөгөн жараны жашайт. Алар негизинен жогорку окуу жайларда окуган студенттер. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG