Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

АКШ Украинадан болот импорттоого салынуучу салыкты убактылуу токтотту


"Азовсталь" ишканасынын азыркы абалы.
"Азовсталь" ишканасынын азыркы абалы.

Кошмо Штаттар Украинадан болот импорттоого салынуучу салыкты бир жылга токтотту. Өлкөнүн Соода министрлиги 25 проценттик тариф токтотулганын 9-майда билдирди.

АКШ өкмөтү муну Орусиянын кол салуусуна кабылган өлкөнүн экономикасына колдоо көрсөтүүгө багытталган кадам деп атады.

«Биз украин элинин духунун күчтүлүгүнө суктанып гана кала бербешибиз керек. Биз Украинанын экономика тармагынын негизги багыттарынын бири болгон бул тармакка колдоо көрсөтүшүбүз зарыл», — деди соода министри Жина Раймондо.

Болотко болгон 25 пайыздык тариф 2018-жылы киргизилген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG