Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Прага советтик маршал Коневди ардактуу жарандыктан ажыратууну чечти


Маршал Коневге арналган инсталляция. Прага, 8-май 2021-жыл
Маршал Коневге арналган инсталляция. Прага, 8-май 2021-жыл

Прага шаарынын кеңеши советтик маршал Иван Коневди ардактуу жарандыгынан ажыратууну чечти. Бул чечимди башкалаанын парламенти жактырууга тийиш.

Конев ардактуу жарандыкты 1945-жылдын июнь айында алган. Маршалдын кол астындагы армиянын бөлүгү ошол жылы 9-майда Прагага кирген.

Маркумду жарандыктан ажыратуу демилгесин мэр Зденек Хржиб көтөргөн. Мэр 1945-жылкы окуяларды тарыхый контексттен алып кароо керек, Чехословакиянын бийлиги көп жыл бою Коневди Праганын бошотуучусу катары атаган вариантты гана таанып келген деп эсептейт.

Документте айтылгандай, Кызыл армия Прагага Германиянын капитуляциясынан кийин, калаанын немис гарнизону козголоңчулар менен келишим түзгөндөн соң кирген. Ошондой эле маршал фашисттердин чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн Млада Болеслав шаарын бомбалоо буйругун бергени белгиленет. Андан тышкары Коневдин 1956-жылы Будапешт көтөрүлүшүн басуудагы ролу тууралуу айтылган.

2020-жылы Прага-6 районунун бийлиги маршалдын эстелигин алып салууну чечкен. Муну менен катар Кызыл армиянын Чехословакияны бошотуудагы ролунан күмөн саноо жок экени белгиленгени менен Орусиянын элчилиги нааразылын билдирген жана Москва менен Праганын мамилелери начарлап кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG