Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:54

Боррел Орусиянын валюта резервин Украинаны кайра курууга жумшоону эп көрөт


Талкаланган Ирпень шаары.
Талкаланган Ирпень шаары.

Еврошаркеттин тышкы саясатынын жетекчиси Жозеп Боррелл Financial Times гезитине берген интервьюда Орусиянын валюталык резервин Украинаны калыбына келтирүүгө жумшоо караштырылууга тийиш деп билдирди. “Мындай кадам логикага сыят, - деп түшүндүрдү.

Дипломат мисал катары АКШнын Ооганстандын Борбордук банкынын активдерин камакка алууга байланышкан кырдаалды келтирди. Миллиарддаган доллар терроризмдин курмандыктарына компенсация төлөөгө, оогандарга гуманитардык жардам берүүгө сарпталуу үчүн Вашингтондун көзөмөлүнө алынган.

Гезит жазгандай, Еврошаркет бул багытта азырынча аракет көрө элек, Брюссель конкреттүү планды сунуш кылган жок.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден орус миллиардерлердин активдерин сатып, түшкөн акчаны Украинанын калыбына келтирүүгө сарптоо вариантын айтканы бар. Бул идеяны өткөн жумада Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель колдогон. Financial Times Еврокомиссиянын аткамнерлери андай жолду ишке ашыруунун укуктук жактарын тактап жатканын белгилейт.

Москва Украинага кол салгандан бери Евробиримдик жана башка өлкөлөр Орусиянын Борбордук банкынын 300 миллиард долларлык алтын резервин колдонуусуна бөгөт койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG