Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Алматыда «Баатырларга таазим» деген жүрүш өттү


Алматы шаары. 9-май, 2022-жыл
Алматы шаары. 9-май, 2022-жыл

Казакстандын Алматы шаарында Улуу Жеңиш күнүнүн урматына «Баатырларга таазим» деген жүрүш өттү. Маалыматка караганда, бул акция Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кийин аброюна шек келген “Өлбөс полкко” алтернатива катары уюштурулду. Миңдеген киши 1941-45-жылдары согуш майданында күрөшкөн ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Түбөлүк оттун жанындагы мемориалга гүл коюшту.

“Азаттыктын” казак кызматы маалымдагандай, бир топ киши ыйык Георгий тасмасын тагынып жүрөт. Бир катар өлкөдө ал тасмага орус пропагандасынын символу катары тыюу салынган, Украинада болсо аны азыркы нацизмдин белгиси деп билишет. Казакстанда тасмага расмий түрдө тыюу салынган эмес.

1-апрелге карай кошуна өлкөдө Экинчи дүйнөлүк согуштун 387 ардагери калды. Бир жыл мурун 665 ардагер бар болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG