Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

АКШнын биринчи айымы Жилл Байден Украинага барды


Жилл Байден жана Елена Зеленская.
Жилл Байден жана Елена Зеленская.

АКШнын биринчи айымы Жилл Байден күтүүсүздөн Украинанын батышына барып, президент Владимир Зеленскийдин жубайы Елена менен жолукту.

Энелер күнүнө туш келген эки айымдын жолугушуусу Ужгород шаарчасындагы мигранттар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайга айлантылган мектепте өттү. Аталган калаа Словакия менен чек арадан он мүнөттүк алыстыкта жайгашкан.

"Мен Энелер күнүндө келүүнү каалагам. Украин элине бул согуш аякташ керек экенин, америкалыктар украиналыктарды колдорун көрсөтүү маанилүү деп ойлодум",-деди Байден.

Зеленская менен Байден алгач журналисттердин алдында, андан соң өз алдынча да жолугушту. Украинанын биринчи айымы Жилл Байденге "эрдикке тете кадамы" үчүн ыраазычылык билдирди.

Зеленская жана анын балдары согуш башталгандан бери коопсуздук маселесинен улам кайда экени айтылбай келген.

Жилл Байден жума күнү Румынияга, ишембиде Словакияга барып, ал жактагы украиналык качкындар менен жолуккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG