Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

«Талибан» аялдарды бетин жаап жүрүүгө милдеттендирди


Ооганстандын башында турган «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) аялдарга көзүнөн башка жеринин баарын жаап жүрүү токтомун чыгарды. Бул туралуу 7-майда Кабулда өткөн маалымат жыйында айтылды.

Бул эрежеге баш ийбеген аялдардын аталары же жакын эркек туугандары жазаланып-иштен алынат же түрмөгө камалат.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы талибдерден билдирүүсү боюнча «терең тынчысыздануусун» билдирип, бул «чечим кыз-келиндердин укуктарын коргоо жана сыйлоо тууралуу буга чейинки убадаларга каршы келерин» кошумчалады. Уюмдун өкүлдөрү талиб лидерлери менен жолугуп, түшүндүрмө талап кыларын белгилешти.

АКШнын Мамлекеттик департаменти «соңку жыйырма жылда ооган аялдары жетишкен прогресстин баары жокко чыгып жатканына тынчсыздануусун» билдирди.

Ооган аялдары негизинен жоолук салынып жүрүшөт. Бирок бир катар райондордо, анын ичинде баш калаа Кабулда бетин кошо чүмкөшпөйт. Аял активисттердин айтымында, талибдер өлкөдөгү ачарчылык жана жакырчылык маселесин чечүүнүн ордуна кыз-келиндердин укуктарын чектөө менен алек.

Былтыр августта бийликке келгенден кийин «Талибан» кыздарга мектептерге барууга тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG