Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Садыр Жапаров Дача СУ боюнча коомдук комиссия түзүлөт деп билдирди


Дача СУдагы кырсыкка байланыштуу эскерүү сүрөтү.
Дача СУдагы кырсыкка байланыштуу эскерүү сүрөтү.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда Фейсбуктагы баракчасында билдирүү жасап, Ош окуясы менен Дача СУдагы учак кырсыгына байланыштуу иликтөөлөр тууралуу маалымат берди.

"Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. "Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы" деген маалымат бар. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз", - деп жазган президент.

Ал окуяларга байланыштуу президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов менен байланышка чыгууга чакырды.

26-апрелде президент Жапаров Ош окуясы боюнча Башкы прокуратурада сурак берген. Ага чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев да Июн коогаларына байланыштуу суракка алынганы расмий кабарланган.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алышкан.

Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу ушул күнгө чейин табыла элек.

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушунда мындан туура беш жыл мурун, 16-январда учак кыйраган.

Анда Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган.
2021-жылдын декабрь айында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG